Кечээ, 22-майда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында нарындык “Ала-Тоо” бишкектик “Манас” клубун 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына беттеш калысы Рысбек Шекербеков билдирди.
Анын айтымында, “Дордой” спорт-комплексинде орун алган беттеште “Ала-Тоонун” оюнчулары оюн башынан тарта демилгени колго алып, ишенимдүү оюн алып барышты.
Кошумчалай кетсек, бул жеңиш менен “Ала-Тоо” сезондо топтогон упайларынын санын 10го жеткирди. Ал эми “Манас” 9 оюн катары менен жеңиш бетин көрбөй келүүдө.