Кыргызстан курама командасы футбол боюнча АФКнын Кубогунда акыркы беттешин өткөрөт

Бүгүн, 23-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун 3-тур оюндарынын алкагында Мьянма курама командасына каршы беттеш өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Бул беттеш Кыргызстан курама командасынын аталган мелдештеги акыркы беттеши болот. 2015-жылкы Азия чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган курама команданын тайпадагы акыркы оюну Бишкек сааты боюнча 21:30да башталат.

Кошумчалай кетсек, 8 команда катышып жаткан бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан