Бишкекте 21-май күнү КРнын Ички иштер министрлигинин чогулуш өткөрүлүүчү залында кылмыш ишти тергөө жана экспертизаны дайындоо жөнүндө маселелери боюнча кеңешме-семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, семинардын ишинде Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун эксперттери Ленин, Биринчи Май, Октябрь, Свердлов райондорунун Ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун тергөөчүлөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө ага катышкан эксперттер тарабынан укуктун негиздери, соттук экспертизанын предмети жана маселелери, дайындоо үчүн негиздери, өткөрүү тартиби жана процесси жөнүндө доклад менен чыгышты. Тергөөчүлөрдө экспертиза дайындоо алдында пайда болгон суроолор жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин токтолушту.
Семинардын негизги максаты - экспертизаны дайындоо алдында суроолорду жана маселелерди чечүү.