Кыргызстандык футбол калысы Бахадыр Кочкаров футбол боюнча Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда калыстык милдет алат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 21-майда Б.Кочкаров Дүйнө чемпиондугуна болгон даярдыгын жыйынтыктап, Ташкентке жөнөп кетти. Өзбекстандык башкы калыс Равшан Ирматовдун бригадасынын курамындагы жардамчы калыс 27-майда Өзбекстан жана Оман курама командаларынын ортосундагы жолдоштук беттеште калыстык кылат. Андан соң 29-майда Бразилияга жөнөп кетет.
Кошумчалай кетсек, Бразилияда Дүйнө чемпиондугу 13-июнда старт алат. Алгачкы оюн “А” тайпасында Хорватия менен үй ээси Бразилиянын ортосунда өтөт. Мелдеште жалпысынан 25 калыстын бригадасы иш алып барат.