“Баткен облусунда бул боюнча бир катар иштер жүрүүдө. 2015-жылдын 3-чейрегине чейин чек ара аймактары, ал эми жалпы республиканы 2017-жылга чейин толугу менен өткөрүү пландалууда”,- дейт К.Султанов.
Ошондой эле 2013-жылдан 2017-жылга чейинки КРнын туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегиясына киргизилген "Электрондук өкмөт" долбоору да ишке ашары да айтылды.
“Кыргыз почтасын” реформалоо, ага аманат-почта системи жана почта аркылуу айылдарга банк системинин кызматындай тармактар да ишке киргизилет”,- деп кошумчалады министр.