Бишкек шаарынын медициналык мекемелеринде 8300 медициналык кызматкер эмгектенүүдө. Бул тууралуу маалымат борбор калаанын 2014-жылдын 1-кварталына болгон отчётунда айтылат.
Медициналык жардам, профилактикалык-дарылоо 46 мекемеде камсыздалууда. Анын ичинде 19 Үй-бүлөлүк медицина борбору, студенттердин поликлиникасы, Спорттук медицина борбору, 5 стоматологиялык поликлиника, 11 оорукана жаан 9 Атайын адистештирилген борбор иш алып барат.
Аталган жайларда 8300 медициналык кызматкер, анын ичинен 2400 дарыгер жана 3300 орто билимдүү медициналык персонал эмгектенет.