17-июнда кикбоксчу Алексей Федосеев профессионалдар арасында WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш өткөрөт. Бул тууралуу машыктыруучу Жанбулат Амантаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-июнда Бишкекте өтө турган беттеште Алексей Федосеев кикбоксингдин К-1 түрү боюнча 63 килограмм салмакта бразилиялык Эмерсон Фалькаого каршы турат. Бул беттеш күнү рейтингдик беттештер да орун алат.