Кыргызстанда айдоочунун күбөлүгүн алуунун жаңы шарттары киргизилет. Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган. Анда "КРнын жол кыймылы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, айдоочунун күбөлүгүн алуунун жаңы шарттары белгиленген.
Ошондой эле КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине киргизилген толуктоолорго ылайык, ээлери тарабынан жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат.