Бишкекте бүгүн, 23-майда аскер кызматкерлери Республикалык кан борборуна келип, онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды колдоо максатында кан тапшырышты. Бул тууралуу КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган чечим рак дарты менен жабыркаган балдарды колдоо үчүн аскер кызматкерлеринин жалпы чогулушунда кабыл алынган. Ал эми тапшырылган кандар Балдардын онкология борборуна берилмекчи.
Аталган иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын кызматкерлери, Коргоо министрлигинин Борбордук аппараты менен бирикмелери, Бишкек шаардык гарнизонунун бөлүктөрү менен мекемелеринин кызматкерлери, офицерлер, келишимдик кызматтагы аскерлер өз каалоолору менен катышышты.