2015-жылдын 3-кварталында чек арага жакын жайгашкан аймактар санариптик телеге өтөт

Бүгүн, 23-майда Транспорт жана коммуникация министрлигинде 2014-жылдагы аткарылып жаткан иштер жана Туруктуу өнүгүү кеңешине сунушталган пландар боюнча жыйын өтүп жатат. Жыйында транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 2017-жылга чейин республика боюнча жалпы телеберүүлөр санариптик телеге өтүүсү керектигин айтты. 

Айтымында, долбоор ишке киргенден бери Баткен облусунда иштер аткарыла баштаган. “Кийинки жылдын 3-кварталында чек арага жакын жайгашкан райондор санариптик телеге өтөт. Бул боюнча биз азыр жигердүү иштеп жатабыз. 2017-жылга чейин толугу менен санариптик берүүгө өтөбүз. 2013-жылдан 2017-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү тууралуу планына кирген "Электрондук өкмөт" долбоору ишке ашат”, - деди Калыкбек Султанов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-майда министр Калыкбек Султанов “Министр байланышта” акциясына катышып, өлкөдөгү ММКлар аркылуу жарандардын суроолоруна жооп берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан