Бүгүн, 23-майда Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" эс алуу багында ооганчылардын эстелигин ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Ооган согушуна катышкан жоокерлер, тийиштүү жетекчилер, шаар тургундары келип, өткөндөрдү эскерип, куран түшүрүштү.
“Бүгүн Ооган согушуна катышкандар үчүн эстелик тургузулуп жатат. Мына ушул согушка катышкан ар бир жаран - мекен үчүн жан бергендер. Биз аларды ар дайым эскерип келебиз. Биздин отряддан 10го жакын адам барган. Албетте, Советтер Союзун коргогонум үчүн сыймыктанам жана мамлекетибиз оор абалда турганда бизге жардам берип жаткандыгына ыраазычылыгымды билдирем”,- дейт ардагер Камчыбек Сабиров.
Белгилей кетсек, Ооган согушунун 25 жылдыгына карата жаңыланып, оңдоп-түзөөдөн өткөн эстеликке шаар бюджетинен 2013-2014-жылдарда 600 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.