Ош облусунда мектеп окуучуларынын бүтүрүүчү кечелерин болтурбоону көзөмөлгө алуу үчүн атайын иш-чара пландары иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, облус жетекчилигинин буга чейинки ашыкча чыгымдарды ооздуктоо максатында чыгарылган буйругунун негизинде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кафе, ресторандарда өткөрүлүүчү бүтүрүүчү кечелерине тыюу салынган.