Ош жана Жалал-Абад шаарларында Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда аталган борборбун адиси Талант Ерназаров билдирди.
“Аталган аймактарда айрым жергиликтүү ишкерлер тамак-аштарын адал стандартына туура келбеген шартта өндүрүп, керектөөчүлөрдүн укугун бузуп жатышат. Мындан ары Ош жана Жалал-Абаддын тургундары үчүн жакындан кызмат көрсөтүү максатында өкүлчүлүк ачып, элге жана өндүрүшчүлөргө адал стандарттары тууралуу кеңири маалыматтарды жеткирип турабыз”,- дейт Ерназаров.
“Буюрса, ушул айдын аягына чейин аталган аймактарда өкүлчүлүктөрдүн ачылышы болот. Учурда уюштуруу иш-чаралары жүрүүдө”,- деп кошумчалады адис.