Ысык-Көлдүн жээгиндеги 143 пансионаттын ичинен 73ү гана экологиялык талапка жооп берет. Учурда көптөгөн пансионаттарда бул талаптар аткарылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өкмөттүн жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Анын айтымында, көбүнчө объектилер көл жээгинен 100 метр аралыкта алыс жайгашууга тийиш. Бирок бул талап да аткарылбай келүүдө.