Бишкекте көңүл ачууга ылайыкталып жасалгаланган автобус (party bus) пайда болду. Баарыбыз билгендей, мындай автобустар чет өлкөдө кеңири тараган. Ал эми Кыргызстанда биринчи жолу пайда болуп жаткандыктан, жакшы саамалык деп айтууга болот. Анын авторлору - бишкектик Ержан Мукеев жана Болот Асанбеков.
Авторлордун айтымында, шаарыбыздагы жүргүнчү ташыган автобустардын бирин сатып алып, эски орундуктардан баштап салондун ичинде эмне болсо ошонун баарын жаңыртып чыгышкан. Ал туулган күндү майрамдоого, үйлөнүү үлпөт тоюн жана ар кандай салтанаттарды өткөрүүгө ылайыкталган. Ичинде сыналгы, караоке, түтүн чыгарган машина бар. Ага 20-25 киши батат.