Бишкекте экологиялык өнүгүү боюнча талкуу өтөт

Бишкекте 26-май күнү КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында баш калаанын экологиялык өнүгүүсүн талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган талкууга көз карандысыз экологдор, архитекторлор жана башка эксперттер, министрликтер менен ведомство өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын алкагында КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери Эмил Шүкүровдун "Адам жана жаратылыш, айлана-чөйрө" деген темада тартылган карикатураларынын көргөзмөсү өтөт.  

Ошондой эле иш-чарада голландиялык энергияны үнөмдөө боюнча көз карандысыз эксперт жана шаар куруучу Альфред Мейжерс экологиялык пландоо боюнча да өз ою менен бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан