Каракол шаарындагы Пушкин атындагы эс алуу багына балдар ойноочу автодром салына баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, куруу иштерине жалпысынан 26 миң доллар сарпталган. Ал эми жасалып жаткан аянттын жарымы автодром болуп, жарымына кичинекей наристелер үчүн жумшак, кыймылдаган оюнчуктар коюлат. Аталган жайдын ачылыш аземи 10-июнга болжолдонууда.