Ош мамлекеттик университетинде физика-техника факультетинин илим жумалыгы өттү

Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультети тарабынан илим жумалыгы өткөрүлүп, бүгүн жыйынтыкталды. Бул тууралуу 23-майда окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти. Жумалыктын алкагында Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына карата студенттик илимий-практикалык конференция, дубал гезиттердин көргөзмөсү, “Брэйн ринг” жана “Акыл ордо” интеллектуалдык оюндары, концерттик программалар, баш катырмалардын сынактары болду.

Ошондой эле илим жумалыгына активдүү катышкан окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, III регионалдык студенттердин олимпиадасында байгелүү орундарды камсыз кылган алдынкы студенттерди, мыкты макет жасаган, дубал гезит даярдаган студенттерди, тайпаларды ийгиликтери менен куттуктап Ардак грамота, баалуу белектер менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-05-24 01:02:58
жакшы иш чара болуптур уюштургандарга рахмат деш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан