Бишкекте 26-май күнү “Министр байланышта” акциясынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева саламаттыкты сактоо мекемелеринде болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын негизги максаты - көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатын баалоо. Ал эми кайсы объектини текшерүү жөнүндө чечим журналисттер менен биргеликте кабыл алынат.
Ошондой эле 26-май күнү эки радиотүйүндүн эфири аркылуу саламаттыкты сактоо тармагынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коррупция жөнүндө маалымат берип, маалымат жыйын өткөрүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын суроолоруна жооп берет.