Баткен облусунда 5802 окуучу мектепти аяктады 

Баткен облусу боюнча жалпы 231 орто мектеп бар. Быйылкы жылы облустан 5802 окуучу мектепти аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алардын ичинен 20 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаттарын алышат.

Ал эми өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Баткен облусунун жалпы бүтүрүүчүлөрүн Акыркы коңгуроо салтанаты менен куттуктады.

Чоң турмуштун босогосун аттап, окуусун бүтүп жаткан окуучулар мындан ары өз билимин байытууга, чоң турмушта такшалууга, баа жеткис тажрыйба топтоого сапар алып жатышат. Мугалимдерден алган мекенчилдик, максатка умтулуу, туруктуулук жана өжөрлүк сыяктуу инсандык баалуу сапаттар улан-кыздарыбыздын өлкөбүздүн татыктуу жараны болуусуна жол ачып, коомдо өзүнүн татыктуу ордун табууга жардам берет деген ишеничтемин”,- деди өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nursyi
2014-05-24 12:00:57
Бутуруучулорго Ак жол!!!
0
dasa-kgz
2014-05-25 02:00:23
Бутуруучулордун келечеги кен болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан