Бүгүн, 24-майда Ош облусунун Өзгөн районунда тарыхый археологиялык, архитектуралык эстеликтерди сактоо боюнча марафон өттү. Бул тууралуу Өзгөн администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган марафон райондук администрациянын демилгеси менен өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыгул Маматов, Ыргал Кадыралиева, Мамат Орозбаев, ЖК төрагасынын өкүлү Тажимамат Шаболотов катышты.