Бүгүн, 24-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы Навои атындагы №18-мектебиндеги жана Мырзаев атындагы №45-мектебиндеги Акыркы коңгуроо салтанаттарына катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда калаа башчысы билим уясынан учуп жаткан бүтүрүүчүлөргө ак жол, кең келечек каалап, Ата Журт жүгүн көтөрүшкөн мыкты инсандардан болуусун тиледи.