Кечээ, 23-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычында акыркы беттешин өткөрдү. Мелдештин расмий сайты билдиргендей, анда кыргызстандык футболчулар Мьянма курама командасын 1:0 эсебинде утушту. Жалгыз голду оюндун 18-мүнөтүндө чабуулчу Владимир Верёвкин киргизди.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычында тайпада 3 оюн өткөрдү. Буга чейин Палестина жана Мальдив аралдарынын курама командаларына уттуруп жиберип, курама командабыз тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Эске салсак, бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтө турган Азия чемпиондугуна катышат.