Кечээ, 25-май түнү Беларуста хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталып, чемпиондук наамды Орусия курама командасы багындырды. Орус хоккейчилери финалда Финляндия курама командасын 5:2 эсебинде утуп алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеште Орусияга жеңиш алып келген шайбаларды Сергей Широков, Александр Овечкин, Евгений Малкин, Данис Зарипов жана Виктор Тихоновдор жаратышты. Жалпысынан чемпиондор мелдеш алкагында 10 оюнда тең жеңишке жетишип, атаандаштарынын дарбазасына 42 шайба киргизишти.
Ал эми 3-орун үчүн болгон беттеште Швеция курама командасы Чехия менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, Орусия курама командасы жыл сайын өтүүчү Дүйнө чемпиондугун 5-ирет утуп алды. Ал эми финляндиялыктар үчүн бул күмүш жетинчиси.