18-майда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Билим берүү кеңешчилигине караштуу Республикалык Кыргыз-Түрк "Анадолу" лицейи жана Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейинин даярдоо классына кирүү сынагы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сынакка Кыргыз-Түрк "Анадолу" лицейине 457 окуучу, Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейине 1112 окуучу каттоодон өттү. Өткөн жылы Кыргыз-Түрк "Анадолу" лицейине 383 окуучу, Кыргыз-Түрк "Анадолу" кыздар кесиптик лицейине 567 окуучу сынак үчүн каттоодон өткөн эле.