Баткен. Учурда Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун 4 чакырымы бүткөрүлдү

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында курулуп жаткан эки айылды бириктирүүчү көпүрөнүн иши менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков жана облус жетекчилери таанышып кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. 

Анда маалым болгондой, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун жалпы сметалык баасы 36 миллион сомду түзөт.   Учурда анын 4 чакырымы бүткөрүлүп, 10 миллион сомдон ашуун жумуш аткарылды.

Облус жетекчиси Жеңиш Разаковдун айтымында, бул жолдун Баткен облусуна эле эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниси чоң. "Буга чейин тажик айылдарын аралап өтүп келген элдин көйгөйлүү маселеси чечилет",- дейт өкүл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toichubek1984
2014-05-26 22:35:33
4 чакырым жолго 10 миллион кетеби анда ал жолдун асфалти менен бутуруш керек эгерде чындап 36 миллион болунгон болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан