Бразилиялык “Атлетик Минейро” футболдук клубунун жарым коргоочусу, Бразилия курама командасынын мурунку оюнчусу Роналдиньо Рио-де-Жанейро шаарындагы үйүн Дүйнө чемпиондугу өтүп жаткан маалда ижарага берет. Бул тууралуу маалыматты футболчу өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштарган.
Улуттук курама командага алынбай калган 34 жаштагы футболчу үйүн суткасына 15 миң доллардан ашык суммага ижарага берүүнү пландоодо. Негизи, 12-июндан 13-июлга чейинки убакыт аралыгында Бразилиянын 12 шаарында өтө турган мундиаль учурунда бразилиялыктардын көбү өз үйлөрүн ижарага берип, пайда таап калууга аракеттенишүүдө.
Кошумчалай кетсек, 2005-жылы ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" болуп табылган Рональдиньо Дүйнө чемпиондугун 2002-жылы уткан.