2014-жылдын 1 квартал ичинде Таласта көрсөтүлгөн базар кызматынын суммасы 1 миллиарддан ашты

2014-жылдын январь-март айлар аралыгында Талас облусу боюнча суммасы 1 миллиард 335,6 миллион сомго базар кызматы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги тарабынан даярдалган 2014-жылдын 1-кварталы үчүн түштүк аймак облустарынын өнүгүшүнүн социалдык-экономикалык анализинде айтылат.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүшү 3 пайызды түздү. 2014-жылдын 1-кварталында соода жүгүртүү көлөмү, унааларды оңдоп-түзөө, турмуш-тиричилик жана жеке колдонгон буюмдар 981,3 миллион сомду же болбосо өсүү темпи 103,3 пайызды түздү.

Ал эми мейманкана жана ресторандардын кызматынын көлөмү 49,9 миллион сомду же болбосо 105 пайызды түзгөн. Чекене соода жүгүртүү 832,7 миллион сомду, өсүү темпи 102,6 пайызды түзгөнү маалым. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан