Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Ош облусунун Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, учурда жол кыймылы бир изде гана жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 10-январь күнү саат 16:00дө аталган унаа жолдун 109-чакырымында 1200 метр куб көлөмүндө кар көчкү түшкөн. Атайын техникалар иштеп, ал күнү саат 23:00гө карата жолдун бир тарабын ачууга жетишкен. Учурда тазалоо иштери уланып жатканын билдирет ӨКМ. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан