Жалал-Абадда самбо күрөшү боюнча биринчилик өтүүдө

26-майда Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы Адистештирилген жана жаш жеткинчектер олимпиадалык-резервдик спорт мектебинде КРнын ИИМинин самбо күрөшү боюнча биринчилиги башталды.

Ага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков, облус прокурору Кылычбек Токтогулов, ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков катышты. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ага өлкөнүн бардык аймагынан 13 команда катышууда. Мелдеш 28-майга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан