Чолпонбек Базарбаев атындагы Көркөм хореографиялык училищесинин окутуучусу, КРнын Эмгек сиңирген артисти Аида Ахмадалиева 23-майдан бери ачкачылык жарыялоодо. Бүгүн, 26-майда аталган окуу жайга баш бакканыбызда ачкачылык жарыялап жаткан окутуучу тамчылатма дары алып жаткан экен. 4 күндөн бери оозуна наар албай, суу гана ичип жаткан окутуучу мындай кадамга барышына эмне себеп болгонун төмөнкүдөй түшүндүрдү.
Аида Ахмадалиева, окутуучу: "Ачкачылыкты бул жерде окуп жаткан балдардын келечеги үчүн жарыялап жатам"
- Мага эмне азап дейсиңер, ачкачылыкка барып? Мени деле үйдө эки балам, ата-энем күтүп отурат. Мен ачкачылыкка өзүм үчүн эмес, бул окуу жайда окуп, тарбияланып жаткан балдардын келечеги үчүн барып жатам. Түшүнүктүү болсун үчүн башынан баштайын. Былтыр Казакстанга эл аралык сынакка 6 окутуучу балдарды алып бардык. Кетип жатканыбызда директорго кирип акча каражатын бөлүп берүүсүн сурандык. Бирок эч кандай акча бөлүнгөн жок, бардыгын өз чөнтөгүбүздөн каржылап барып, ийгилик жаратып келдик. Негизи, окуу жай тарабынан каражат бөлүнүшү керек болчу. Ал жактан келсек, сааттарыбызды кыскартып салыптыр. Чогулуш кылып жатып бул маселебизди чечкенбиз.
Өзүңүздөр аралап көрүп чыгыңыздар, окуу жайга акыркы жолу мындан 3 жыл мурун үстүртөн гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Полдор сынган, терезелер жакшы жабылбайт, душтар иштебейт. Окуу жай бий класстарын ижарага берет. Түшкөн каражатты ачыкка чыгарсын. Ошол акчаларды чогултуп, оңдоп-түзөө иштерин жасасак жакшы болбойт беле?!
Чогулуш кылып, окуу жайдын директору Саида Кудайбердиевага бул тууралуу айтсак, "өз ишиңерди билгиле, мен силерге отчёт бербейм" деген жооп узатты.
Бул жагдай боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жолдогонбуз. Комиссия текшерип келди. 6 адам келмек, үчөө эле келди. Текшерип көрүп, "эч кандай катачылык жок, биз текшерип бүттүк" деп кетип калышты. Менин ачкачылык жарыялаганымды угуп, кайра комиссия түзүшүптүр. Учурда ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бүгүн Камила Талиева менен да сүйлөштүм. Ал мени аял катары тынчтандырууга аракет кылды. Мына, ачкачылык жарыялаганыма 4 күн болду. Бирок директор дагы да болсо эч кандай чара көрө элек. Окуу жайда кризис тереңдеп бара жатат. Эгер директор бул маселелерди чечпесе, менин катарыма башка мугалимдер да кошулушу толук мүмкүн.
Мерис Аденов, окутуучу: "Окуу жайдын бий класстарына 35 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек"
- Мен өзүм ушул окуу жайды аяктагам. Ачыгын эле атайын, бий класстарына 35 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Япон спортунун түрү менен машыккан балдарга бий класстарын ижарага беребиз. Алар полду айна менен жуушат экен. Пол жылмакай болуп калат. Биздин окуучулар сабак учурунда тайгаланып жыгылса эмне болот? Класстарга линолеум төшөш керек. Учурда дүйнөлүк театрларда деле линолеум төшөлүүдө. Орусиянын балеринасы Анастасия Волочкова "мындай полдо бийлебейм" дегенден кийин биздин опера-балет театрыбыз деле линолеум төшөдү. Күзгүлөрдү карагыла, жарака кеткен. Кудай сактасын деңизчи, бирок сабак учурунда бирөө жарымдын башына түшүп кетсе ким жооп берет? Албетте, биринчи кезекте биз, окутуучулар жооп беребиз. Кийим салгыч шкафтарыбыз болсо жоокерлердикиндей.
Мен окуп жүргөндө, калп айтпасам, окуу жайда 4 душ иштеп турчу. Азыр анын бири да жок, жабык турат эшиктери. Окуучулар тердеген боюнча чыгып кетишет.
"Таяктын эки учу болот" демекчи, окуу жайдын директору Саида Кудайбердиеванын оюн угууну да эп көрдүк. Бирок кабинетине баш бакканыбызда ал "эч кандай комментарий бере албайм" деп сүйлөп берүүдөн баш тартты. Анткен менен директордун орун басары өз оюн билдирди.
Жылдыз Шаршеналиева, директордун орун басары: "Бул окуу жылын жыйынтыктап алып, өз алдыбызча чечишсек жакшы болмок"
- Директорубуз Саида Кудайбердиеванын бул орунга келгенине 4 жыл болду. Бул аралыкта окуу жайдын атынан 3 эл аралык сынак өткөрдүк. Буга да акча каражаты кетти. Негизи, кандай маселе жаралбасын, баары акча маселесине барып такалат да.
Директорубуз жакшы иштеп жатат. Аны мугалимдер жамааты өзүбүз дасыккан менеджер деп шайлаганбыз. Эми 35 жылдан берки келе жаткан маселе 4 жылда чечиле коймок беле? Башка бирөө келсе деле аз убакыттын ичинде кыйратып жибербейт. Бир нерсени аткаруу үчүн убакыт керек. Убакыт берүү керек.
Учурда окуучулар экзамен тапшырышууда. Аларга тоскоол болбой, бул окуу жылын жыйынтыктап, өз алдыбызча чечишсек жакшы болмок. Бардык мугалимдерди ошого чакырып кетер элем.