Бишкекте 26 жаштагы кызды уурдап кетип, үйүндө бир ай кармаган таксист кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя 2012-жылдын 8-декабрында болгон. Жабырлануучу кыз ал күнү саат 03:00дө үйүнө жетип алуу максатында жеке таксисттин унаасына отурган. Бирок таксист кызды үйүнө эмес, Бишкектин Ак-Өргөө конушундагы өз үйүнө алып барып зордуктаган. Кызды үйүндө 1 ай камап, зордуктап жүргөн. 2013-жылдын 9-январында үйдөн качып чыккан кыз атасына телефон чалууга үлгүргөн. Андан соң Ленин РИИБнин ыкчам изилдөө тобу Ак-Өргөө конушунун тургуну, 30 жаштагы Ч.А. аттуу адамды кармашты. Бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.