УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кезектеги 2014-2015-жылкы сезонунун финалдык беттеши Германиянын Берлин шаарындагы “Олимпиаштадион” стадионунда өтөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 28-майда УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 1936-жылы курулуп, 74 миңден ашык күйөрман батырып келген стадион берлиндик “Герта” футболдук клубунун жана Германия курама командасынын майданы болуп эсептелинет.
Кошумчалай кетсек, акыркы жолу аталган лиганын финалы Германияда 2012-жылы өткөн. Мюнхеник “Бавариянын” стадиону “Альянц Аренада” ал жылы “Бавария” менен лондондук “Челси” кез келип, лондондуктар жеңүүчү аталган. Ал эми үстүбүздөгү жылы мадриддик клубдар “Реал” менен “Атлетиконун” ортосундагы финалдык беттеш Португалиянын Лиссабон шаарында “Эштадиу да Луш” стадионунда өттү.