Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасы 7-8-июнда Германияда өтүүчү "Гран-При" мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, мелдешке кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова (60 килограмм салмакта) менен Розалия Тилегенова (53) катышат. 17 жашка чейинки спортчулар арасында болсо Мээрим Жуманазарова (56) Кыргызстандын желеги астында чыгат.