Ош шаарында судьянын жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 27-май күнү Жалал-Абад облусунун 1988-жылы туулган Т.Т. аттуу тургуну Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда ал “жолдошум менен ажырашуу үчүн Ош шаардык сотуна кайрылсам, ал жерде иштеген бир бала “бул иш 1000 сомсуз бүтпөйт, барып акча таап келиңиз” деп жатканын айткан. Арыз ушул эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине катталып, кылмыш иши козголгон. Бул боюнча жүргүзүлгөн оперативдүү иш-чаралардын негизинде мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен Ош шаардык сотунун судьясынын жардамчысы, 1989-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалды. Кармалган адам үй камагында. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.