Токмокто белгисиз адам сыраканада отургандарды аткылап, анын кесепетинен 3 жаран жабыркады

Токмокто белгисиз бирөө сыраканада отурган адамдарды тапанча менен аткылаган. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, окуя 27-май күнү саат 23:30 чамасында Токмок шаарында базардын жанындагы сыраканада катталган. Анда сыраканага эки мас адам кирип келишип, кой-ай дегенге болбой столдорду чачып, терезесин сындырышкан. Кийин бири унаасынан тапанча алып келип, сыракананын ичиндеги адамдарды аткылаган. Анын кесепетинен бир жарандын ичине ок тийип, экөөсүнүн колу айрылып кеткен. Алар ошол учурда шаардык ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын бирөөсү балалуу болуп, майрамдап жүрүшкөн.  

Бул маалыматты Токмок аймактык ооруканасынын жетекчиси Бактыгүл Исаева да тастыктап, 3 адам медициналык жардам алып кетишкенин айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
SHATY
2014-05-28 19:33:42
GTA
+1
lampard8
2014-05-29 01:46:52
SHATY, хахахаххааахахахах точняк
0
nurkasym-2014
2014-05-28 19:36:14
Балалуу болсо кишилерди аткылайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан