Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду

Футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда ийгиликсиз оюн көрсөткөн соң Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду. “С.Дворянков 2012-жылдын декабрь айынан тарта курама команданы машыктырып келген. Келишим боюнча ал курама команданы АФКнын Чакырык Кубогуна алып барып келмек. Жакын арада анын ишине тиешелүү баа берилет”,- деп билдирди бүгүн, 28-майда КРнын Футбол федерациясынын кызматкери Канат Асенов SUPER.KG порталына.

Кошумчалай кетсек, курама команданы машыктырганга чейин бишкектик “Дордой” футболдук клубу менен иштешкен Сергей Дворянков аталган клубдагы ээлеген кызматынан өткөн жылы бошотулган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adidilet
2014-05-29 16:01:09
физрукту мурда эе айдаш керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан