Жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын Кубогуна арналган мелдешке Кыргызстандан 13 спортчу катышат

Жеңил атлетика боюнча кечээ, 27-майда башталган Өзбекстандын Кубогуна арналган эл аралык мелдешке кыргызстандык 13 спортчу аттанды. 31-май күнү жыйынтыктала турган мелдешке аттанган делегациянын курамына спортчулардан тышкары 3 машыктыруучу жана курама команданын 1 өкүлү кирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстандын желеги астында Адилет Кыштакбеков, Гүлшанай Сатарова, Эркинбек Молдобаев, Анна Буланова, Валерий Пономарёв, Тенарберди Сүйүнбаев, Азамат Нуржанов, Алексей Намуратов, Нургазы Асанкулов, Наиль Деникеев, Дмитрий Тимков, Николай Солохин, Алмазбек Казыбеков жарышка түшөт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-05-28 23:35:01
Биздин айылдан Бишкекте болгон тайквандо бойунча Кыргызтан биринчилигине 9 окуучу катышып баары медал менен кайтышты 6 алтын бирок бизде спорт зал жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан