Кыргызстандык спортчу Асылбек уулу Жамалбек самбо боюнча Орусияда 25-майда жыйынтыкталган эл аралык мелдеште 3-орунду багындырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “А” категориясында Юрий Потаповдун жаркын элесине арналып, 14-ирет уюшулган мелдешке 16 мамлекеттин желеги астында 140 самбо чебери чыкты. Асылбек Жамалбек уулу 82 килограмм салмакта 3-орунду ээледи.