27-майда Бишкекте шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун Жогорку Лигасында жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыз-келиндер жана уландар арасындагы биринчиликке 12ден шахматчы катышты. Жалпысынан 11 тур оюндары ойнолуп, атаандаштар өз ара беттеш өткөрүп чыгышты. Жыйынтыгында уландар арасында Семетей Төлөгөнтегин жеңишке жетишсе, кыздар арасында Александра Самаганова чемпион болду.
Маалым болгондой, алдынкы 5 орундун ээлери быйыл өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган курамга киришти.