Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Ички иштер министри Шамиль Атаханов Оштогу милиция башчысынын өлүмүн иликтөөнү өз көзөмөлүнө алышты

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Ички иштер министри Шамиль Атаханов Ош ИИББнин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевдин өлүмүн иликтөөнү өз көзөмөлдөрүнө алышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Кошумчалай кетсек, болуп өткөн окуяны милицияга шаардагы таксисттердин бири кабарлаган. Ал кылмышкерлер 25-30 жаштардагы азиат улутундагы, чымыр денелүү 2 киши экендигин билдирген. Учурда ыкчам иликтөө тобу бул кылмыш боюнча иштеп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан