“Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун кожоюну каза болду

Англия Премьер-лигасынын 20 жолку чемпиону “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун кожоюну Малькольм Глейзер кечээ, 28-майда 85 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Глейзер Американын Рочестер шаарында төрөлгөн. Атасынын өлүмүнөн кийин ал 15 жашында үй-бүлөлүк бизнести өнүктүрүүгө өткөн. Англиялык “Манчестер Юнайтед” клубун ал 2005-жылы сатып алган. Ал убакыттан бери клуб Англия Премьер-лигасын 5 ирет, ал эми УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 1 ирет уткан жайы бар.

Эми клубду башкаруу милдетин анын жубайы Линда Глейзер 5 уулу жана 1 кызы менен колго алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Danel
2014-05-29 15:20:15
Ии эми балдары жакшы башкарса экен атасындай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан