Кечээ, 29-майда Каракол шаарынын спорттук базаларында “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” аттуу айылдык жаштар арасындагы массалык спорт түрлөрү боюнча мелдеш башталды. Мелдешке республиканын бардык аймагынан келген 500дөн ашык спортчу күч сынашат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдештерди улуттук жана эл аралык даражадагы 77 калыс тейлеп жатат. Массалык спортту жана дене тарбиялык машыгуулардын сапатын жогорулатуу, спорттук техникалык базалардын абалын жакшыртуу, коомдогу алкологизм, наркомония сыяктуу терс көрүнүштөр менен күрөшүүнү күчөтүү жана Каракол шаарынын 145 жылдык мааракесин татыктуу белгилөөгө арналган мелдештин программасына ордо, күрөш, волейбол, футбол, тогуз коргоол, жеңил атлетика, кол күрөш спорт түрлөрү киргизилген.
Республикалык мелдеш жыл сайын үч этапта өткөрүлүп келет:
I этап – мелдештер райондордо айыл өкмөттөрдүн арасында үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөрүлгөн;
II этап – облустарда райондор арасында май айында өткөрүлгөн;
III этап – финалдык мелдештер Каракол шаарында 28-майдан 2-июнга чейин өтөт.