Бүгүн, 30-майда футбол боюнча 22 жашка чейинки футболчулардан куралган Кыргызстан жаштар курама командасы “Абдыш-Ата” футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, беттеш курама команданын 2015-жылы өтө турган жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу турларына даярдыгынын алкагында орун алат. Ал эми канттык “Абдыш-Ата” футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу – ТОП-Лиганын экинчи айлампасына даярдык көрүүдө. Кантта өтө турган беттеш 18:00дө башталат.