Биз социалдык тармакта

Ош мамлекеттик университетинде волейбол мелдешинин жеңүүчүлөрү сыйланышты

Ош мамлекеттик университетинде май айында өткөрүлгөн спорттун волейбол түрү боюнча окутуучу, кызматкерлер жана студенттер ортосундагы мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Анда байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Оюндун жыйынтыгына ылайык, окутуучу кыз-келиндер арасындагы волейбол оюнунда 1-орунду алган педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы диплом жана 5 миң сом, 2-орунду алган медицина факультетинин командасы диплом жана 3000 сом, 3-орунду алган бизнес жана менеджмент факультетинин командасы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.   

Ал эми агайлар ортосундагы мелдеште 1-орунду Медициналык колледждин командасы, 2-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин командалары, 3-орунду администрация командасы камсыз кылышып, жогорудагыдай өлчөмдөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой эле студент кыздар ортосунда 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду Медициналык колледж, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары, студент балдардын ортосунда 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду тарых-юридика факультети, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары ээлешип, акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан