Аламүдүн районунда “мурдагы аялын өлтүргөн” деп шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 24-май күнү Ак-Жар жаңы конушунан жашы 25-30 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө муунтуп өлтүрүлгөн аялдын аты-жөнү такталып, ал 20 жаштагы Н.Т. экендиги белгилүү болгон. Бул боюнча “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 27 жаштагы М.С. кармалган. Ал маркумдун мурдагы күйөөсү болгон.