Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги – ТОП-Лиганын экинчи айлампасынын алгачкы оюнунда бишкектик “Дордой” кечээ, 1-июнда “Манас” клубу менен кез келип, 8:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, “Дордой” ушуну менен сезондогу 8 оюнунда 21 упай топтоп, мелдеш жадыбалында 2-орунга көтөрүлдү ("Алгадан" кийин). Ал эми “Манастын” оюнчулары сезондо өткөргөн 10 оюндун баарында жеңилүү ызасын тартып келишет.