Орусиянын Мурманск облусунда Ми-8 тик учагы кыйроого учурап, окуя болгон жерде жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 12 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар 2-июнь күнү жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Мунозеро көлүндө жүргүзүлгөн издөө иштерине 10 суучул катышып жатат. Вертолётто жалпысынан 18 адам болсо, кырсыктан кийин 2 адам ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары 4 адам дайынсыз болууда.
Укук коргоо органдары каза болгондордун өздүгү такталгандыгы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, кырсыкта көз жумгандар «Апатит» ААКынын башкы директору Алексей Григорьев менен орун басары Константин Никитин, Кировск шаардык администрациясынын башчысы Андрей Звонарь, экипаждын командири Товпенко, Валентин Бабкин, Мурманск облусундагы экология жана жаратылыш ресурстары боюнча министр Алексей Смирнов жана орун басары Александр Алхимчиков, Мурманск облусунун губернаторунун орун басары Сергей Скоморохов, Түндүк-Батыш аймагы боюнча токой чарба департаментинин башчысы Олег Вереникин экени белгилүү болгон.
Мурманск облусунда авиакырсыкта каза болгондорго аза күтүү жарыяланды. 1-июнь күнү болгон кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.