Легендарлуу футболчу Пеленин уулу Эдиньо “баңгизаттарын мыйзамсыз саткан жана андан түшкөн каражаттардын изин суутуп келген” деген айыптын негизинде 33 жылга абакка буйрулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы экс-дарбазачы азыр соттун чечимин кайра карап чыгуу суранычы менен арыз жазары тууралуу айтылууда. Себеби ал буга чейин баңгизаттарын колдонуп жүргөнүн моюнуна алганы менен, аны жайылтууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.
Кошумчалай кетсек, Эдиньо - 3 ирет Дүйнө чемпиондугун уткан легендарлуу Пеленин үчүнчү уулу. Ал футболчу катары карьерасынын басымдуу бөлүгүн “Сантос” клубунда өткөргөн. Акыркы кездерде ал клубда дарбазачылардын машыктыруучусу катары эмгектенип келген.