Комедиялык багыттагы сериалдар аркылуу белгилүү болгон англиялык куудул Саймон Бродкин футбол боюнча Англия курама командасы менен Американы көздөй учууга аракет кылып, бирок тилегин ишке ашыра алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка таянсак, Саймон Англия курамасынын футболчуларына окшошуп кийинип аэропортко келген. Бардык текшерүү пункттарынан өткөн соң ал футболчулардан турган калың топко кошулуп, учакка түшүүгө аракет кылган. Команданын капитаны Стивен Жеррард өз убагында аны байкап, тартип сакчыларына маалымат берген.
Кошумчалай кетсек, Саймон Бродкин ушул эле ыкмасын өткөн жылы “Манчестер Сити” футболдук клубунун “Эвертонго” каршы оюнунун алдында да жасаган. Боло турган оюн алдында машыгууда аны тартип сакчылары кармаган.